Жогорку Кеңеште кыргызстандык тынчтык күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү маселеси каралууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар кыргызстандык тынчтык күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан 150 аскер кызматкери, 8 долгон техника жана 11 унаа техникасын жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

Ташиев белгилегендей, Кыргызстандын тынчтык күчтөрү стратегиялык маанилүү объектилерди коргоого гана тартылат. «Биздин аскерлер кошуна өлкөнүн ички чыр-чатактарына катышпайт», – деди ал.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.