Дүйнө

Казакстандагы башаламандык учурунда 53 акимчиликтин имараты талкаланды

Казакстандагы башаламандык учурунда өлкөнүн ар кайсы облусундагы 53 акимчиликтин имараты талкаланды, орто жана чакан ишкердикке таандык 151 жай бүлүндү.

Алардын көбү Алматы, Чымкент шаарларында, Алматы, Чыгыш Казакстан, Кызылордо, Атырау, Актөбө облустарында катталган. Өлкөнүн өндүрүш жана инфратүзүм министри Кайырбек Өскенбаев калайман башаламандыктардан эң оор запкы тарткан Алматы калаасы экенин 12-январдагы өкмөттүк отурумда билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Алматыда жалпы 161 имарат талкаланган. Министр Өскенбаев бүлүнгөн мамлекеттик жайлар 20-февралга чейин оңдолорун айтып, аймактар менен темир жана унаа жол каттамдары калыбына келгенин кабарлады.

Буга чейин ишкерлердин «Атамекен» улуттук палатасы жалпы 1528 ишкердик субъектиси жабыркап, анын 1408и Алматыда экенин билдирген. Чыгымдын көлөмү 95,3 миллиард теңгеге жеткени айтылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button