Саясат

Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички бересеси көбөйдү. Сумма

Кыргызстан тышкы карызынын 77,13 миллион долларынан (болжол менен 6,5 миллиард сом) кутулду. Бул туурасында Финансы министрлиги 2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата берген маалыматында айтылат.

Ал эми ички карызы, тескерисинче, 2 миллиард 347 миллион сомго көбөйгөн. Алсак, жыл башында ички карыздын суммасы 62,1 миллиард сом болсо, ноябрда 64,5 миллиардга өскөн.

Тышкы карыздын көлөмү январда 4 миллиард 221 миллион долларды түзсө, 11 айдан кийин 4 миллиард 144 миллиард сомго чейин азайган. Муну азыркы курс менен улуттук валютага которгондо 352 миллиард сомдун тегерегинде болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button