Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргендер кармалды

Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргендер кармалды, – деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 7-январына караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4 670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген.

Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1989-жылы туулган Б.З., 1990-жылы туулган Ш.М. жана 1987-жылы туулган Х.Х., аттуу үч тургуну кармалган.

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.