Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, телефондук сүйлөшүү кечээ, 13-январда, болгон.

“Анда Токаев Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашкан.