Сокулукта ооруканада каза болгон аялдын өздүгүн тактоо үчүн милиция коомчулукка кайрылды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы  ооруканада көз жумган белгисиз аялдын сөөгүн аныктоо үчүн коомчулуктан суранат.

Сокулукта ооруканада каза болгон аялдын өздүгү белгисиз. Милиция элден жардам сурайт

Маалыматка таянсак, 2022-жылдын 10-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү белгисиз аял каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Белгилери: жашы 40-45 чамасында, арыкчырай, чачы кыска, саргыч түстө, бою 155 см.

Ал кара куртка, “М” эмблемасы түшүрүлгөн кызыл кроссовка, кара түстөгү спорттук шым кийип жүргөн.

Милиция каза болгон аялды билгендер болсо Сокулук РИИБге билдирүүнү өтүнөт: 0 3132 5 33 80, 0312 60 75 67, 0508 27 88 66.