“Дүкөндү талкалап кирип, 491 миң сомдук зыян келтиришкен”. Чүйдө уурулукка шектелгендер кармалды

Москва районунда уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 11-январда Москва районунун ички иштер бөлүмүнө белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1970-жылы туулган жаран кайрылган.

Ал 11-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районунун аймагында жайгашкан парфюмерия саткан дүкөнүнүн терезесин сындырып, дүкөндө жайгашкан терминалдардын бирин бузуп, андан 7500 сом өлчөмүндөгү акчаны, видео байкоо жүргүзүүчү камеранын дискин, WI-FI роутер, парфюмериялык дүкөндүн кассасынан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттын алып, белгисиз тарапка жоголуп кетишкенин айткан. Алар жабырлануучуга жалпы суммасы 491 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

“Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “уурдоо” менен катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин жана Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган О.А. жана 1995-жылы туулган С.А. аталган кылмышка шектелип кармалган. Учурда шектүүлөр Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда”, – деп жазылат маалыматта.