Окуялар

Мектептин спорт залына уурулукка кирип, шаймандарды уурдагандар кармалды

Москва районунда уурулукка шектелип 4 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Б.Д. деген аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 6-январынан 7-январына караган түнү орто мектептин спорт залынын кире бериш эшигин талкалап киришкен белгисиз адамдарга

карата чара көрүүнү суранган.

Спорт залда жайгашкан спорттук шаймандарды, музыкалык аппаратураны, жылыткычтарды жана башка бир катар тиричилик буюмдарын уурдап кеткен. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факт Москва районунун ИИБнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары Чүй ОИИБнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Москва районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан 16-жаштагы Ж.А. жана

Б.Ш., 19-жаштагы У.Р. жана В.Р. аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button