ВИДЕО: «Тазалыкка» көчө шыпыргыч өзгөчө машина берилди

Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиевдин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине коопсуз иш шарттарды түзүп берүү боюнча тапшырмасынын негизинде, шаардык мэрия техника сатып алууну улантууда.
Бугун салтанатттуу иш-чарада белгилүү бир банктын өкүлдөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасына көчө шыпыруучу эки машина берди.
Белгилей кетсек аталган долбоор эксперименталдык болуп саналат, сынактан ийгиликтүү өтсө анда шаардык муниципалитет массалык түрдө мындай жардамчыларды сатып алмакчы.
MEP ECOVAC – профессионалдуу кол машиналар тазалоочу жолчосунун диаметри 700мм, бир сатта 2.100 чакырымды тазалайт. Бул машинанын жардамы менен 10 эсе тездик менен ар түрлүү жерлерди тазаласак болот. Үн чыгарбайт жана чыгымды талап кылбайт,- деп айтылат маалыматта.



