Коом

Коронавирус. 201 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза тапты

Бир сутка ичинде өлкөдө 201 адамдан коронавирус табылып, 632 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 104;

Ош шаары – 10;

Чүй облусу – 36;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 22;

Жалал-Абад облусу – 10;

Баткен облусу – 12.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 719га жетти. Анын ичинен 188 775 киши сакайып чыккан. Азыркы учурда 996 бейтап стационарда, ал эми 4 530 адам амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 64 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.

Кечээтен бери Талас, Бишкек жана Ысык-Көлдө беш бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Муну менен жалпысынан оору 2 889 кишинин өмүрүн алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button