Коом

Ат-Башыда «Арсенал» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 7 ок атуучу курал алынды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Арсенал» рейддик иш-чарасы өтүп, анын жүрүшүндө 7 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-февралда мал уурулук кылып суралып жаткан Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган Т.У.нун үйүндө белгисиз түрдөгү ок атуучу курал бар деген маалымат түшүп, милиция тарабынан териштирүү иши башталган.

Териштирүү жүрүшүндө Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган А.Б.нын көрсөтмөсү алынып, анда 2020-жылы жаз айларында 32-үлгүсүндөгү мылтыктын стволу ийри болгондуктан, ал мылтыкты темир ара менен стволун жана кындагын кесип салганын айтып көрсөтмө берген.

Жогоруда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренесинин («Куралды мыйзамсыз жасоо») 3-бөлүмү менен иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, А.Б. Ат-Башы райондук сотунун тчечими менен 7-мартка чейин камакка алынды.

Ал эми үстүбүздөгү жылы 5-февралда райондун аймагында «А.» аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сатып жүрөт деген маалымат түшүп, тактоо үчүн тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.

Натыйжада бул учур боюнча тергөөгө тапшырмалар берилип, Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган А.А. экендиги такталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин («Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») негизинде кылмыш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө үйүнүн ичинен бир даана ИЖ-27 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү сайсыз ок атуучу курал алынган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экпертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө Ат-Башы районунун 5 жашоочусу өздөрүнүн сайлуу ок атуучу куралдардын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришкен.

Жогоруда аталган фактылар боюнча Ат-Башы райондук милиция бөлүмү тарабынан каттого алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button