Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталып, үч аял жабыркаган

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын С.Орозбаев менен Т.Океев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Odyssey жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы А.З. аттуу аял киши жабыркаган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Ошондой эле Каракол шаарынын Карасаев менен Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Mazda Demio жана Toyota Windom үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы А.М. жана 37 жаштагы К.А. аттуу аял кишилер жабыркаган.

Жабыркагандарды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.