Коом
Эскертүү! Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү бир нече саатка жабылат
Эртең, 3-мартта, Бишкектин борбордук бөлүгү беш саатка жабылат. Бул тууралуу шаардык милициянын Патрулдук кызматынан билдирди.
Анын айтымына караганда, калаанын борбордук бөлүгү эртең мененки саат 07:00дөн 12:00гө чейин жабык болот. Бул күнү Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленет.
Жабыла турган көчөлөр:
Чүй проспектисинин Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү;
Эски аянттын Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү.
Салтанаттуу иш-чара саат 09:00дөн 10:00гө чейинки убакыт аралыгында башталат.



