Кыргызстанда бир жумада коронавирустан тогуз адам көз жумду

Кыргызстанда 1-7-март аралыгында коронавирустан тогуз адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен COVID-19 лабораториялык негизде төрт, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө беш адамдан аныкталган. Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинен Бишкекте – 6, Чүй облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 адам.

Өткөн аптада, 22-28-февраль аралыгында COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 11 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө аталган илдеттен 2 миң 966 адам каза тапкан.