Коом
23-июлга карата аба ырайы

Бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 27…32, Таласта 25…30, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 29…34 градус ысыйт.
Абанын табы Бишкекте 29…31 градуска чейин жетет.



