Пайдалуу кеңештер

Невролог мээнин саламаттыгын сактоо үчүн жумалык план сунушталды

Невролог Галина Чудинская мээнин картаюусун жайлатып, анын саламаттыгын сактоого жардам бере турган жумалык план менен бөлүштү.

Дарыгердин айтымында, мээнин ден соолугу үчүн алты негизги фактор маанилүү: физикалык активдүүлүк, туура тамактануу, сапаттуу уйку, акыл-эс машыгуулары, социалдык байланыштар жана стрессти башкара билүү.

Ошондой эле ал эртең менен баш катырма чечүү же медитация жасоону, жумуш учурунда ар 45–60 мүнөт сайын кыска тыныгуу алууну, ал эми кечинде уктаардан бир саат мурун гаджеттерден баш тартып, китеп окууну же медитация жасоону сунуштады.

Жумалык план:

Дүйшөмбү: 30 мүнөт жөө басуу, 20 мүнөт китеп окуу.

Шейшемби: 30 мүнөт жаңы көндүм үйрөнүү, 10 мүнөт медитация.

Шаршемби: достор менен жолугушуу жана баш катырма чечүү.

Бейшемби: 30 мүнөт сүзүү жана чет тил үйрөнүү.

Жума: шахмат ойноо жана медитация.

Ишемби: паркта сейилдөө жана китеп окуу.

Жекшемби: эс алуу, медитация, күндөлүк жазуу жана үй-бүлө менен убакыт өткөрүү.

Неврологдун белгилешинче, мээнин саламаттыгын карыганга чейин сактоого болот. Ал үчүн күнүмдүк жашоого бул пайдалуу адаттарды акырындык менен киргизүү жетиштүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button