Маданият

Бишкекте көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды

Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, жалпысынан 181 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыкка татыды. Алардын ичинен 92 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 89 энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылды.

Салтанат балдарды тарбиялоого жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө зор салым кошкон энелерге болгон терең урмат-сыйдын белгиси катары уюштурулду. Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button