Ошто “Пешеход ” рейди өткөрүлүүдө

Ош шаарынын аймагында Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте жыл башынан бери ар жуманын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү “пешеход” рейдди өткөрүлүп жатат.

Жыл башынан бери шаар аймагында 59 жол кырсыгы катталса,  анын ичинен 38и жөө жүргүнчүлөрдун катышуусунда болгон. Мындан улам тынымсыз рейддер өтүп жатат. Жолду туура эмес жерден   өткөн жараандарга карата  жалпы-535 протокол түзүлдү. Баарына мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.

Канчалык түшүндүрүү иштерине карабастан шаар тургундары жөө жүрүүчүлөр жолду туура эмес жерден кесип өтүшүп жол кырсыгына кабылууда,- деп билдирди Ош ШИИБы МККБ басма сөз кызматы.