Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо башталды

Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстандагы эл жана турак жай фондун каттоо башталды. Ал 2022-жылдын 3-апрелине чейин жана республиканын айрым аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.

Бул өнөктүк биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, калкты каттоо 10 жылда бир жүргүзүлөт. Тарыхта Кыргызстандагы биринчи эл каттоо 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы жүргүзүлгөн. Аталган схемага ылайык, үчүнчү эл каттоо 2019-жылы өткөрүлүшү керек болчу, бирок дүйнөлүк пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган.

Каттоо “Кыргызстанда ар бир адам маанилүү” урааны менен өткөрүлүп жатат.

Улуттук статистика комитети бул мамлекеттик маанилүү өнөктүккө толук жоопкерчилик менен мамиле жасап, каттоого активдүү катышууга чакырат.