Россия чет элдик окуучулар үчүн эл аралык сынак жарыялады. Талаптары

Чет мамлекеттин жогорку класстары үчүн “Большая перемена” (“Чоң танапис”) аталышындагы эл аралык конкурс старт алды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Россиядагы балдар жана өспүрүмдөр арасындагы ири долбоордун үчүнчү сезонуна катышууга жогорку класстын окуучулары да чакырылды. Алар — Россияда жана анын четинде жашап, орус тилин билген чет мамлекеттин жарандары. 1-майга чейин bolshayaperemena.online сайтына кирип катталууга болот.

Финал чет элдик катышуучулар үчүн июль айында “Артек” эл аралык балдар борборунда өтөт. Ал жакка жогорку класста окуган 500 бала үч жумага эс алууга жиберилет. Муну менен бирге сынактын жыйынтыгына да күбө болушат.

Конкурстун бардык шарттарын аткарып, эң көп балл топтогон 100 бала Россиянын мыкты окуу жайларынан бекер билим алат. Дагы 50 окуучу “Больше, чем путешествие” программасынын алкагында Россиянын булуң-бурчун кыдырат.

Сынакка Кыргызстандан 10-класстын окуучулары катыша алат.

Талаптар:

жаш курагы 16-17;

Россиянын жараны болбошу керек;

орус тилин эркин билиши шарт;

жалпы орто билим берүүнүн 10-классынын программасы боюнча окушу керек.

“Большая перемена” — салтка айланган мектептеги олимпиададан айырмаланып, баланын академиялык жетишкендигин эмес, азыркы заманга керектүү билимин, жөндөмүн жана шыгын баалаган долбоор.

Сынак 12 категория боюнча өтөт. Катышуучулар илим жана технологиядан тарта искусство жана маданиятка чейинки багыттарды тандай алат.

Долбоордун өнөктөштөрү: Россиянын ири компаниялары, алдыңкы окуу жайлары жана коомдук кыймылдары, ошондой эле КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттиги (Россотрудничество).

Бүткүл россиялык конкурс “Билим” улуттук долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Анын уюштуруучулары болуп Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик (Росмолодежь), “Россия — страна возможностей” жана “Большая перемена” коммерциялык эмес автономдук уюмдары, Россиянын мектеп окуучуларынын кыймылы саналат.

Сынак Россиянын Агартуу министрлиги менен Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен өтүүдө.

Конкурстун өнөктөштөрү: Сбербанк, VK социалдык тармагы, “Росатом” мамлекеттик компаниясы, “Российские железные дороги” ААК, “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясы.