Саясат

Шүкурбек Эркебаев: “Өсөөр эл өзүн мактайт”

Урматтуу кыргыз элим, көптөн бери соцсеттерге көп кирбей калдым эле.Бүгүн фейсбука кирип, оппозициялык маанайдагы блогер, журналисттердин макалаларын окуп, ошолорго өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм. Сөз башынан болсун. Союз урап, Кыргыз өлкөсү эгемен алгандан бери анча-мынча жолдорду кошпогондо бир дагы  мамлекеттик имарат курулбаптыр.

«Октябрь таңы аткандай»деп  Токтогул акын айткандай, Октябрь революциясынын шарданы менен келген жаңы бийлике эл таң аткандай болуп, аябай үмүт кылган эле. Ошол эл үмүтүн, ишенимин аткаруу үчүн Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич ар кандай жолдорду издеп, таап мамлекет үчүн чоң эмгекерди кылып жатышат.Бийлике келишкенине аз убакыт болсо да, эң маанилүү делген Кыргыз аскеринин кубаттуулугун көтөрүштү. Тарыхта болуп көрбөгөндөй аскер техникалар, учкучсуз аппараттар менен камсыздай алды.Өзбекстан менен мамлекеттик чек арабыз 100% чечилип, мурункудай түшүнбөстүктөр токтоду. Тажикстан менен 970 километрдин 668км такталды.Чакан ГЭСтер, өлкөбүздүн ички жодору курулуп жатат, Сүйүнө турган дагы бир нерсе, Балыкчы-Кочкор-Кара Кече темир жолу, мындай ири долбоорду баштоо бир жылда жетишүү эрдик.Айлык акылар, пенсия-пособиялар көтөрүлүп атканына баарыңыздар күбөсүздөр. Кылым аферасы Кум-Төрдү чет элдик шылуундардан соттошбой, сүйлөшүү жолу менен Кыргыз мамлекетине кайтарып алуу сыймык, элибиздин бактысы.Коррупция, контрабанда, терроризм, сепаратизм менен аёсуз күрөшүү да бийлик башындагы эки достун тайманбас эрки.Алардан мамлекетке кайтарылган акчалардын эсебинен көп иштер бүтүп жатат.Акчадан сырткары уурулардан өндүрүлгөн ишканалар, гектарлаган жерлер өлкөбүздүн экономикасына салым кошууда.Ошол өндүрүлгөн жерлердин эсебинен ак үй куруу демилгеси көтөрүлсө, сүйүнүштүн ордуна наалыгандар чыгып жатыптыр. Урматтуулар, ошол ак үй куручу жердин ордунда «Ыссык-Көл» мейманканасы болгон.Ал көп жылдан бери каралбай, авариялык акыбалда болчу.Азыркы «тарыхий имарат болчу» деп кыйкыргандар жанына барып көрүшкөнбү? Эгер көргөн болсо эмнеге мурда көтөрүп чыгышкан эмес? Эми

 акылдарына кириштиби? Ошол жерге жаңы ак үй курулса кандай сонун, биринчиден шаарыбызга көрк кошот, экинчиден, жол тыгындары азаят…..жб

Анан да Манас айылы боюнча да айтайын, ал айылдын аты эле ыйык болбосо, заты мышыккана болуп калган эле. Манас кыргыз рухунун туу чокусу, анын айылы кыргыз элин эле эмес, дүйнө элин суктанта тургандай деңгээлде болуш керек. Аны Манасчыларыбыз билбейби ?  Манасчыбыз өтө күйсө эмнеге азыркы акыбалга келгиче унчуккан эмес?

Урматтуу эл-журт, кээ бир четтин тамагын ичкендер, байлыгынан, бийлигинен жб ажырагандардын бузукулук аракеттерине алданбай, ишенбей, өсөөр эл өзүн мактайт дегендей К.Ташиев менен С.Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, кубаттап туралы. Бир жылда ушунча иш кылышты, дагы алдыда чоң долбоорлорду ишке ашырышат деген ишенич чоң. Сен 100% патриот болсоң, мен 100 эсе ашыкча патиотмун деген президентибиздин сөзү менен аяктаймын.

Шүкүрбек Эркебаев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button