Кыргыз балбандары Азия чемпионатында тарыхта болбогон жеңишке жетишти

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында тарыхта болбогон жеңишке жетип келишти. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө төртүнчү орунга илинди.

“Япония, Иран жана Казакстандан кийинки орунга татыды. Кыргызстандын куржунуна жалпы 14 медаль топтолуп, кыргыз балбандары Азия чемпионатында тарыхта болбогон жеңишке жетип келишти. Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча курама үчүнчү, эркин жана кыз-келиндер арасында курамасы жалпы көрсөткүчтө алтынчы орунга жетти”, – дейт ал.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 14 медаль багындырышкан:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
Тынар Шаршенбеков – 63 кг;
Акжол Махмудов – 77 кг;
Айпери Медет кызы – 76 кг.

Күмүш медаль:
Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;
Мээрим Жуманазарова – 68 кг;
Эрназар Акматалиев – 70 кг.

Коло медаль:
Алмаз Сманбеков – 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
Адилхан Нурланбеков – 72 кг;
Ислам Орозбеков – 74 кг;
Арсалан Будажапов – 79 кг;
Үзүр Жузупбеков – 97 кг;
Роман Ким – 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.