Коом

Бишкекте 9-майда өтүүчү «Өлбөс полк» иш-чарасы учурунда айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте 9-майда өтүүчү «Өлбөс полк» иш-чарасы учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00 гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.

— А. Токомбаев көчөсүнүн Байтик-Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;

— Байтик Баатыр көчөсүнүн түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү:

— Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторду иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен маршурттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууну суранат.

«Ошондой эле иш-чара учурунда акредитациядан өтпөгөн массалык маалымат каражаттарынын окүлдөрүнөн учуучу аппараттарды (дрон, видео фото сүрөттөрүн) камтыган каражаттарды колдонбоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button