Эсибиз барда этегибизди жыялы! Бейөкмөт уюмдардын арам оюна азгырылбайлы

Кыргызстанда өздөрүн патриот сезип, жалаң жамандыкты аңдыгандар бар, тилекке каршы. Алар биз Кыргызстан үчүн күйүп жатабыз деп коомчулукка өздөрүн укмуштуудай пиар да кылышат. Бирок мындай “патриоттор” өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди таптакыр ачыкка чыгарбайт же көргүлөрү келбейт. Алар жалаң гана жамандык издешет.
Мамлекетибизден жалаң жамандык издегендердин максаты Батыштын акчасын алып, өлкөбүзгө ызы-чуу чыгарып, баш аламандык алып келүү. Алар канчалык Кыргызстанда ызы-чуу, митинг болгон сайын, Батыштан ошончолук көп акча алышат жана чет жакка чыгууга башпаанек алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Алардын ана башында бейөкмөт уюмдары турат. Сырттан жүз миңдеген доллар, евролорду Кыргызстанда иликтөө жүргүзүү үчүн атайын грант алышат. Иликтөөгө көп эле негиздер бар. Мисалы, климат, жаратылыш, суу, тоо таш, адамдардын укугу, социалдык маселелер. Бирок биздин иликтөөчүлөр андайларды иликтебей эле, сөзсүз саясатты, кандай гана бийлик болбосун ошолордун кемчиликтерин аңдып, жасалып жаткан жакшы иштерден да негатив, жамандыкты сууруп чыгышат.
Андан тышкары жыл сайын март майрамынын алдында биздин укугубузду бузбагыла деген өңүттө гейлер парадга чыгышат. Алар кыргыздын баалуулуктарына шек келтирип, “келин кул эмес”, “чай куйбайм”, “баш ийбейм”, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”, “мен төрөбөйм”, “жатыным меники, керек болсо жылаңач да жүрөм” деген лозунгдарды көтөрүп, азыркы өсүп келе жаткан муунга тескери үлгү көрсөтүшүүдө. Буга бир эле мисал, мындан 3 жыл илгери Бишкектеги Г.Айтиев атындагы музейде энеден туума жылаңач кызды чыгарып, ары-бери бастырган Роза Отунбаева да бар. Музейдеги жылаңач кызга сын айткандарга “мындай искусствону түшүнбөгөн мырксыңар” деп коомчулукка чыгып айткан эле.
Кыргызстандагы гейлердин укугун коргомуш болуп жүргөн “Баштан башта” коомдук уюмунун лидери Улан Үсөйүн деген бар. Ал азыркы учурда “Кара сандык” аттуу жаңы долбоорду ишке ашыруу учун Интерньюстан грант алды. Ушул долбоорду ишке ашыруунун алкагында Телеграмм каналына жарандардан коррупция боюнча анонимдүу маалыматтарды жана фактыларды алып турат имиш. Бул долбоордун максаты бийликти каралап, элди бийликке каршы чыгууга үндөө, өлкөбүзгө баш аламандык чыгаруу экени айдан ачык көрүнүп турат.
Бийликти, Кыргызстанды жамандап Батыштын арам акчаларына маарыгандарды “патриот” деп кантип айтабыз?
Ошол Кыргызстанда кандай гана окуя болбосун атайын иликтемиш болуп, дүйнөгө мамлекеттик эмес, расмий, орус тилинде жарыя кылып, ичибизди иритип, чириткендерди кандай түшүнсөк болот?
Апрель телеканалынын журналисттери да азыркы бийликтин иштерин иликтемиш болуп, жалаң жамандык издеп, Президентти баш, калгандарын төш кылып, элге жаман көрсөтүү аракетин көрүп жаткан учуру. Эми алардын ичиндеги кусаматы, максаты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эркиндикке бошотуу.
Ошондой эле иликтөөнү башка да журналисттер жасашууда. Булар башка иликтөө кылышпайт, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевди жана анын жакындарын гана иликтейт, ага баардык күнөөлөрдү оодарып, эптеп, коомчулукка жек көрсөтүү аракетин катуу көрүп турган кездери.
Иликтөөчү Болот Темиров өзү уурдап, жасалма кылып алган аскер күбөлүгү тууралуу эмнеге ооз ачпайт? Бул журналист башкаларды кыйын иликтейт, а эмне үчүн өзүнүн жасалма, болгондо да уурдалган документи тууралуу иликтебейт. Ал тууралуу айтылса эле менин иликтөөмөн кийин куугунтукка кабылдым деп өзүн “жертва” кылып жатат.
Иликтөөчүлөр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын жакындарына асылганды өнөкөткө айлантып алышты. Ошончолук эле илиетегилери келсе эмне үчүн 2010-жылдагы Түштүктөгү кандуу окуяны иликтешпейт? Эмне үчүн Дача-СУдагы учактын кулашын иликтешпейт?
Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев тендерден утту деп коомчулукка дүрбөлөң салган иликтөөчү Болот Темиров Батыштан да оңбогондой акча алганы айтылууда. Иликтесин, бирок Тай-Мурас Ташиевди тендерден миллион сом алгандай түс берип, иликтөөдө элдин башын айтканкысы келген. Бирок, Ташиевдин уулу тендерден болгону 19 миң сом алганын ачыкка чыгарган эмес. Бир тараптуу, өздөрүнө жана Батышка жага тургандай иликтөөнүн Кыргызстанга кереги барбы?
Азыркы бийликтин, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан аракеттерин көрө билип, алардын иштегенине да убакыт берели. Тарых барына тараза.
Кыргызстандан жамандык издебей, жакшылыктарды жар салалы. Батыштын арам акчаларына азгырылып, өлкөбүздү жаманатты кылгандан аброй таппайбыз.
Эсибиз барда этегибизди жыялы!
Алтынбек Субанкулов, ардагер



