Англияда 18 жаштагы официант кыз кош бойлуу экенин билбей, жумуштан кийин төрөгөн

Англиянын Базилдон шаарында 18 жашар кыз өзүнүн кош бойлуу экенин билбей, ичи ооруп ооруканага жатканда төрөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Официант болуп иштеген 18 жаштагы Жоди-Мари Эш бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды ичип, бир нече жолу тест да тапшырып, жыйынтыгы терс чыгып жүргөнүн жана ичи чыкпаганын айткан. Ошондуктан кош бойлуулук анын оюна да келген эмес. Андыктан чылым чегип жүрө берген. Бир жолу 8 сааттык иш күнү бүткөн соң ичи, бели катуу ооруп, ооруканага жаткырылат. Жолдо баратканда анын кош бойлуу экендиги жана толгоосу башталганы аныкталат. Бир сааттан кийин Эш кыздуу болуп, атын Скайла деп атаган. Учурда Скайла 3 жашка чыккан.