Коом
Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды
Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды.
бул тууралуу маалымат Аламүдүн РИИБне 12-майда түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ымыркайлардын сөөгүн Дордой-2 жаңы конушунун аймагынан табышкан.
Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Материалдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилет.