ВИДЕО: Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун тургунунан мыйзамсыз кыйылган карагайларды аныкталды

Токой бактарын мыйзамсыз кыюуга бөгөт коюу жана аныктоо максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери, мамлекеттик жаратылышты коргоо мекемелери менен бирдикте тынымсыз атайын күтүүсүз рейддик иш-чараларды өткөрүп келишүүдө.
Өткөн күнү ушундай жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда, аталган бөлүмдүн кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун тургундарынын бири үйүндө мыйзамсыз кыйылган тянь-шань карагайларын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерген учурда, маалыматта көрсөтүлгөн жаран, Ак-Кочкор айылынын тургуну И.А. болуп чыкты.
Текшерүү жүргүзүү учурунда, областтык туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана райондук токой чарбасынын өкүлдөрү тарабынан, аталган жарандын үйүнүн короосунан тиешелүү уруксат кагаздары жок 25 даана тянь-шань карагайы табылып алынды.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди,- деп айтылат Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан.



