Окуялар

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа топтошкон элди жана унааларды тебелеп кеткен — ФОТО

Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда бүгүн саат 15.50 чамасында оор жүк ташуучу  Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен.

Жерине Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, жол кырсыгына дуушар болгон автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда.

Бул факт Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button