Жети-Өгүздө Toyota RAV4 унаасынын айдоочусу бакты сүзүп, эки адам жабыркады

Жети-Өгүз районунда Жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 187-чакырымында Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган А.М жана 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу 2 эркек киши аркандай жаракат алышкан.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.