Техаста мектептеги ок атуудан 18 бала жана 3 киши көз жумду

АКШнын Техас штатынын Ювалд шаарында мектептердин биринде ок атылды. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Окту 18 жаштагы жергиликтүү тургун Сальвадор Ромас чыгарган. Ал полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Ромаста бир тапанча жана жарым автоматтык винтовка AR-15 куралы болгон.

Полициянын маалыматына ылайык, 18 жаштагы жигит мектепке барардан мурда өзүнүн чоң энесин атып салган. Кырсыктан жалпы 18 бала жана бир мугалим көз жумду. Ошондой эле эки полиция кызматкери жабыркаган.

Окуя “Робб” мектебинде болгон, ал жерде 7-10 жаштагы балдар билим алышат.