Коом

УКМК: “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын мүчөсү баш тартты — ВИДЕО

КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, 2022 жылдын 23 майында Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү ячейкасынын мүчөсү М.у.С. диний багытты тандоодо адашкандыгын мойнуна алды, “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын экстремисттик идеяларынан баш тартып, башка жарандарды аталган агымдын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.

Белгилей кетсек, аталган Кыргыз Республикасынын жараны М.у.С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, “Йакын Инкар” кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тарткан.

КР УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button