Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды

Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды. Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Белгилей кетсек, экономикалык форум Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында быйыл төрагалыгынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтүүдө.

Экономикалык форумга катышуу үчүн интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болгон 2500дөн ашык адам катталды.

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Иш-чара бир нече жерлерде өтөт:

– Novotel мейманканасы – министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда форумдун ачылышы, «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги», «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби» панелдик талкуулары;

– Sheraton мейманканасы – панелдик дискуссиялар «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери», «Экономиканы өнүктүрүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура», «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары»;

– «Орион» мейманканасы – «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси -Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоосу катары»;

– «Фрунзе» рестораны – «Стратегия – 2025: ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча жаштардын көз карашы» тематикалык сессиясы.

Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөт. Форум Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда видеоконференция режиминде пленардык жыйынды, ошондой эле 21 тематикалык сессияны камтыйт. Иш-чаранын алдында Евразиялык экономикалык кеңешке кирген өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун ректорлору менен интеграциялык бирикменин энергетика, транспорт, бажы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуулары күтүлүүдө.

Экономикалык форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда. Анын алкагында «Орион» мейманканасынын алдында Евразия экономикалык кеңешинин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү да уюштурулат.

Форум өтүүчү бардык жайларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-залдар түзүлгөн, ошондой эле иш-чаранын спикерлери үчүн пресс-конференциялар уюштурулат.