Франциянын экс-президенти көңүлдөшүнө үйлөндү

Франциянын мурунку президенти Франсуа Олланд 67 жашында алгачкы жолу үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Франсуа Олланд менен анын сүйүктүүсү, 50 жаштагы актриса Жюли Гайенин үлпөт тою 4-июнда өткөн.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Франсуа Олланд жарандык жубайы, журналист Валери Триервейлер менен жашап жүргөндө анын актриса Жюли Гайе менен көңүлдөш экендиги ачыкталган. Ошондо экс-президент мындан ары бойдок статусунда жашап, эч качан үйлөнбөй турганын айткан.

Белгилей кетсек, Франсуа Олланд Франциянын 45-президенти. Ал 2012-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнү башкарган.