Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгынан 7 адам жабыркады

Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул утуралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районундагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол унаа жолунун 89-чакырымында (Чолпон-Ата шаары) Mercedes-Benz жана Volkswagen Vento үлгүсүндөгү жеңил аналардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 7 киши адам жабыркаган: 2 эркек: 1993-жылы туулган О.К., 1983-жылы туулган Э.М., 2 аял: 1981-жылы туулган С.С., 1994-жылы туулган О.А. 1 кыз: 2007-жылы туулган О.К. 1 бала: 2010-жылы туулган О.А. жана 1 кичине бала 2020-жылы туулган О.Б. ар кандай жеңил жаракат алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы жабыркагандарды оорканагага алып кеткен.