Пекинде коронавирустун жаңы очогу аныкталды

Пекиндин Чаоян районунун престиждүү бөлүгүндөгү барлардын биринде коронавирус инфекциясынын жаңы очогу аныкталды. Бул тууралуу lenta.ru Пекиндин саламаттык сактоо комитетине шилтеме менен жазды.

Ал жерде биринчи жуктуруп алган 61 адам катталды, алардын 25инде симптомдор жок болгон.

«Оюн-зоок мекемелери, анын ичинде барлар жана кафелер убактылуу жабылды. Инфекциянын жаңы очогу табылган жерге акыркы барган адамдар карантинге алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, жакында эле Пекин бийлиги COVID-19га байланыштуу катаал чектөө чараларын этап-этабы менен ала баштаган.

Кытайлык дарыгерлер бул жолу эпидемиологиялык абалдын курчушуна Түндүк Кореядан келген шамал себепкер деп эсептейт.