Кызганычтан аялдын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү кармалды

Кара-Балтада жарандык никедеги аялынын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен башы кесилген, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган, ал 1975-жылы туулган А.А. экени такталып, милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында аялды таанып-билгендер менен иш алып барган.

Жыйынтыгында кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. экени аныкталып, ал Жалал-Абад облусунда жашырып жүргөн.

Тергөөнүн алдын ала версиясына ылайык, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Шектүү чогуу жашаган аялды башка эркектен кызганып, денесинин 10 жерине бачык сайган. Кийин кылмышты жашыруу максатында аялдын башын кесип алып, сөөктү арыкка таштап, ал эми башты андан 200 метр аралыкта жерди казып көмүп салган.

Азыркы учурда шектүү күнөөсүн толук моюнуна алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп берген.

Учурда ал Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.