Түркияда өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин сөөгү мекенине жеткирилет. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
21-июнга караган түнү Түркиянын Гиресун провинциясынын токоюнан зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген 2 Түрк жараны кармалды. Бул жагдай Башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынган. Ал эми Түрк ЖМКлары аялдын атып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.
«Башкы консулдук тарабынан жүк-200дү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси иштелип жатат. Бул жагдай министрликтин көзөмөлүндө турат»,— деп айтылат маалыматта.