Дүйнө

Бекерчиликтен тажаган. 100 жаштагы карыя кайра жумушка орношту

Улуу Британиянын тургуну пенсияга чыкканда бекерчиликтен тажап жана хоспистеги кайрымдуулук дүкөнүндө волонтер болуп иштей баштаган. Бул тууралуу Edinburgh Live басылмасы билдирди.

22-июнда Шотландиянын Эдинбург шаарынан Дэвид Флэкер 100 жылдыгын белгиледи. Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда  авиацияда кызмат өтөп, алтургай кырсыктан аман калган. Андан кийин билим алып, Австралия менен Түштүк Африкадагы басмаканалардын биринде иштеген.

Кийинчерээк Флейкер Шотландиянын борборуна кайтып келип, кесиптештери пенсияга эс алууга узатканча,  72 жашка чейин басмаканада иштеген. Бирок  көп өтпөй эле бош отура албасын түшүнүп, кайра жумушка киришкен. Ал Сент-Колумбанын хосписинде кайрымдуулук дүкөнүндө ыктыярчы болуп ишке орношкон.

Карыя жумасына үч күн иштейт жана анын милдеттерине хосписке берилген стол оюндарын, пазлдарды жана китептерди иретке келтирүү кирет. «Бош жүрүүгө көнө албай кайра жумушка чыктым. Мен бир нерсе кылышым керек. Менин колдорум ордунда жана алар бир нерсе менен алек болушу керек “, – деди Флейкер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button