Коом

Быйыл жогорку окуу жайларда бюджеттик канча орун болору айтылды

Быйылкы окуу жылында мамлекеттик ЖОЖдорго 6000 бюджеттик орун берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 205 орунга көбүрөөк.

«Мурдагы окуу жылында бюджеттик негизде 5 795 студент окууга өткөн. Азыр орундар көбөйтүлүп, 6000ге жетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган абитуриенттер өтө алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button