Спорт

Жаркынай Нурлан кызы күрөш боюнча U17 Дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы 17 жашка чейинки (U17) кыздар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 25-31-июль аралыгында Италиянын Рим шаарында өтүүдө.

Жаркынай Нурлан кызы 65 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Ал алгач түркиялык спортчуну 6:2, чейрек финалда индиялык кызды 4:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда япон кызга утулуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө чыкты.

Үчүнчү орун үчүн кармашта америкалык Сидней Перрини 7:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль багындырды.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button