ДКО-2026. Көкпар боюнча финалда Кыргызстан менен Казакстан беттешет

Бүгүн, 4-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча тайпалык этаптын акыркы беттештери өттү. Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы «Көк бөрү» ат майданында уюштурулду.
Жыйынтыктоочу күнү Казакстандын курамасы Венгрияны 9:4 эсебинде жеңсе, Өзбекстан Монголияны 12:1 эсебинде ири эсеп менен утту.
Белгилей кетсек, мелдештин жүгүртмөсүнө ылайык, Кыргызстан менен Ооганстандын курамаларынын ортосунда оюн өтүшү керек болчу. Бирок Казакстандын Көкпар федерациясынын аткаруучу директору Гани Дүйшеновдун билдиргенине караганда, Ооганстандын курамасы 3-сентябрда эле мелдештен баш тарткан. Буга байланыштуу Кыргызстанга үч упай эсептелди.
Ошентип, Кыргызстандын тайпалык этапта үч жеңиши жана тогуз упайы бар. «В» тайпасында биринчи орунду Казакстандын курамасы ээледи.
Жыйынтыгында финалда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешет.


