Спорт
Көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер калбай калганы айтылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү жана жер улак (көкпар) боюнча финалдык беттештерге билеттер толугу менен сатылып кетти.
Чечүүчү беттештер 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Көк-бөрү» аренасында өтөт.
Саат 11:00дө жер улак боюнча финал башталып, анда Кыргызстандын жана Казакстандын курама командалары беттешет. Ал эми көк бөрү боюнча финалдык оюн саат 14:00дө башталат.
Билет сатып ала албаган көрүүчүлөр беттештерди түз эфирден көрө алышат.


