Окуялар

Кара-Көлдө жол кырсыгынан 16 жаштагы эки өспүрүм каза болду

Кара-Көл шаарында жол кырсыгынан 16 жаштагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ыдайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 390-чакырымында Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин 4 адамды тез жардам кызматы Кара-Көл шаардык ооруканага алып кетишкен, ал эми кыпчылып калган бир адамды куткаруучулар чыгарып ооруканага жеткизишкен. Абалдары оор.

Ооруканадан 2006-жылы туулган К.М. жана К.Э. аттуу балдар каза болушкан.

Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button