Спорт
«Азия чакырыгы» кубогу: Кыргызстан курама командасы жеңүүчү болду
Чолпон-Ата шаарында эркектер арасында «Азия чакырыгы» кубогунун финалдык беттеши жыйынтыкталды.
Анда Кыргызстан курама командасы Сауд Аравиянын волейболчуларын 3:2 эсебинде утту.
Оюндун жүрүшүндө Сауд Аравия алгачкы эки партияда алдыда келе жаткан. Кийинки үч партия Кыргызстандын оюнчулары катары менен утуп (29-31, 20-25, 25:23, 25:22, 15:11) жеңишке жетишти.
Ал эми үчүнчү орун үчүн Монголия жана Өзбекстан командалары кез келген.
Жыйынтыгында 3:2 эсебинде Өзбекстан курама командасы жеңишке жетишип үчүнчү орунду камсыз кылды.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке жалпы төрт (Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Сауд Аравия) мамлекеттин спортчулары катышкан.