Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке жаңы жетекчи дайындалды

Разия Сырдыбаева Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаттын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият министрлигинин тиешелүү буйругу 2-сентябрда чыккан.

“Филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу Разия Сырдыбаева буга чейин Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ошондой эле, ал “Устатшакирт” коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү”, – деп айтылат билдирүүдө.