Окуялар

Чүйдө чет элдик жаранды бычактап, качып кеткен шектүү Казакстандан кармалды

Чүй облусунда Россиянын жаранына кол салуу болгонун ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 3-сентябрда Ысык-Ата аймактык ооруканасына 24 жаштагы россиялык жаран кайрылып, бычакталганын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси («Кылмыш жасоого аракеттенүү») боюнча иш козголгон.

Тергөөдөн кийин 38 жаштагы шектүү окуя болгон күнү эле Казакстандын чек арасынан өткөнү аныкталган. Ага издөө жарыяланып, сот аны камоо тууралуу чечим чыгарган. Кийинчерээк ал коңшу өлкөдөн табылып, кармалганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button