Кыргызстандык жаш футболчулар Азия кубогуна жолдомо алып, жеңишин Баткенге арнады


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогунун финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Кечээ Бишкекте Азия чемпионатынын тандоо турунун J тайпасынын оюндары өттү. Анда улуттук курама команда Брунейдин футболчулары менен беттешти.

Кыргызстандык футболчулар атаандаштарын жеңип (6:0), алты упай менен тайпада экинчи орунду ээледи. Башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы Азия кубогуна 2-орундан тандалып алынган алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиргендей, жаш футболчулар жеңишин жана Азия кубогуна жолдомосун Баткенге арнашты.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү келерки жылы Өзбекстанда өтөт.