Бишкектеги базарда өз аялын тоноп, сөгүп кеткен киши кармалды

Кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

19-сентябрда саат 12:40 чамасында “102” кызматына “Азиз” базарынан аял кишини тоноп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлери 1981-жылы туулган аял жолдошу күч колдонуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткиришкен. Бул факты Биринчи РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.