Чек ара кызматынын өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
21-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү, терс окуялар катталган жок.Саат 09:00гө карата чек арада абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери сакталып турат.
20-сентябрдан тарта чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери жүрөрүн эскерткен. Чек ара кызматынын өкүлдөрү аталган жерлерде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.