Ата мекендик өндүрүштү колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого депутаттар кызыкдар болушу керек

Кыргызстанда 20-сентябрда Ишкерлер күнү белгиленди. Ата мекендик ишкерлерди, өндүрүүчүлөрдү КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куттуктады. Ал өлкөдөгү ишкер чөйрөнү жакшыртуу менен аларга шарт түзүүдө бийлик болгон аракетин жасап жатканын айтып, бир катар алдыңкы ишкерлерди сыйлады.

Жергиликтүү өндүрүүчүлөргө мамлекеттин колдоосу ар тараптан керек, анткени бул тармак экономиканын ири реалдуу бөлүгү болуп эсептелет. КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына кирген кампаниялардын, ишкерлердин салык төлөмдөрү эле 2 млрд. сомдон ашат. Жалпысынан 20 миңден ашык жумушчу орундары ушул тармакта түзүлгөн.

Азыркы дүйнөлүк кризис учурунда бардык мамлекеттер өз өндүрүүчүлөрүнө таянып, аларды ар тараптан колдоп келе жатканын көрүп жатабыз. Өндүрүүчүлөрдү колдоо адегенде мыйзамдар менен башталып, андан кийин реалдуу кадамдар менен бекемделет. Акыркы он жылдан бери ата мекендик өндүрүүчүлөр “Ички соода жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү азыркы абалды эске алуу менен киргизүүнү демилгелеп келе жатышат. Тилекке каршы, ушунча убакыттан бери айтылып келе жаткан аракеттер, тилектер ишке аша элек. Өндүрүүчүлөрдүн айтканына караганда, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү – Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган. Ишти ордунан жылдыруу үчүн, үстүбүздөгү жылы февраль айында КР Президентинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жарлыгы чыккан. Ушул жарлыкты ишке ашыруу жана жогоруда аталган мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, депутаттар тобу тарабынан ички соода боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын камтуу жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында, жылы бою 30дан ашык ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, көптөгөн сунуштар айтылып, бардык тараптардын көз караштары берилген. Тиешелүү мамлекеттик органдары да бул мыйзам долбоору боюнча өз бүтүмдөрүн беришкен.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна коюлган. Мыйзам долбоорун коштогон маалымкат негиздемеде алар ички сооданы өнүктүрүүгө, азык-түлүк боюнча башка өлкөлөрдөн көз карандылыкты азайтууга жана атаандаштыктын акыйкат чөйрөсүн камсыздоого багытталгандыгы айтылган. Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар бул мыйзамдын артыкчылыгы катары, ата мекендик өндүрүштөн чыккан азык-түлүктүн карапайым кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болорун айтышкан. Бул фактор ишкерликти өнүктүрүү менен өндүрүштү кеңейтүүдө чечүүчү мааниге ээ.

Бүгүнкү күндө сырттан кирип жаткан импорттук азык-түлүктүн катарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы жетим баладай четте калды. Арышын кенен таштап аралашайын десе, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргобогон буга чейинки эски абал буттан тушап турат. Мисалы, “ретробонус” үчүн 15 пайыз, ар бир товардын соода түйүнүнө кирүүсү үчүн 40 миң сом, маркетинг жана жарнама үчүн кошумча төлөмдөр, алган товардын акчасын узак убакытка бербей коюу сыяктуу бура бастырбаган “кылтактар” абдан көп. Натыйжада ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүрүшүн кенейтип, кошумча жумуш орундарын түзүп, карапайым элге продукциясынын жеткиликтүү болуусуна аракет кылгандын ордуна, ушундай акылга сыйбаган төлөмдөрдөн баш көтөрө албай келишет. Жогоруда келтирилген төлөмдөрдүн оордугунан импорттук продукция арзан, ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы кымбатка түшүүдө. Натыйжада соода жүргүзүүнүн ушундай шарты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана мамлекеттин жалпы эле конституциялык түзүмүнө таасир тийгизип жатат деп эсептешет мыйзам демилгечилери.

12-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет, фискалдык жана экономикалык саясат комитетинде ушул мыйзам долбоорун талкуулоо болмок. Ага катышуу үчүн Кыргызстандагы 5 ири ассоциациялардын жетекчилери, Евразия бизнес клубунун өкүлдөрү, чоң кластерлердин жетекчилери жана 20дан ашык жергиликтүү ишканалардын жетекчилери келишкен.

Тилекке каршы, депутат Камила Талиеванын сөзү менен ички соода жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароо күн тартибинен алынып салынды. К. Талиеванын айтымында, айрым соода өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырууну өтүнүшкөн, себеби мыйзам долбоору шашылыш каралып жатат, шашпайлы деген жүйөнү келтирген. Ошол жерде бардык кызыкдар тараптар катышып отурса, эмне үчүн маселе ошол эле жерден каралып, суроолор берилген жок? Эгер депутаттар чындап Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын ойлошсо, бул мыйзам долбоорун колдоп беришет деп күтөбүз.

Бирок ЖК депутаттарынын арасында ички соода жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, ал экономикага өнүгүү гана алып келет дегендер да бар.

Эгерде депутаттар мамлекеттин туруктуулугун, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну ойлошсо, ички соода жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуулары керек. Кыргызстандын ишкерлери, өндүрүүчүлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынан ушул мыйзам боюнча колдоону күтөт.